У тебя есть крутой проект? Подай заявку на участие в форуме "Мы - интеллектуалы XXI века"!

      ВХОД      
slider image slider image slider image slider image slider image

Положение о форуме на кыргызском языке

«БИЗ –XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ ЖӨНҮНДӨ

ЖОБО

1. Форумдун максаты

«Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар форуму билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатууга; долбоордук, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук шимердүүлүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө жаштардын практикалык жактан катышуусу үчүн өткөрүлөт.

2. Форумдун милдеттери

  • - билим берүү системасында креативдүү илимди жана инновацияларды өнүктүрүүдө жаӊы горизонтторду багындыруу;
  • - ата мекендик же эл аралык таламдаштардын жамааттарында, санарип интерактивдүү өнүгүп жаткан чөйрөдө  иштей билүүгө даяр болуучулук;
  • - кесиптик чөйрөдө техникалык жана экономикалык чечимдердин социалдык-экономикалык, технологиялык кесепеттерди талдоого жана болжолдоого шыктуулук, долбоордук ой жүгүртө алуу, долбоорлорду иштеп чыга алуу жана аларды башкаруу;
  • - максатка жете билүү, максатка жетүү үчүн иштөөгө болгон керектөө, акырында жыйынтык чыгарууга багыт алуу; 
  • - кызыгууну, интеллектуалдык өсүштү шыктандыруу жана окуучуларды жана инженердик-техникалык адистиктерге багыттоо, келечектеги адис-изилдөөчүнү, ойлоп табуучуну калыптандыруу, команда-жамаатта иштей алууну өнүктүрүү.

3. Форумду өткөрүүчүлөр

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
  2. «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы;
  3. Өнөктөштөр:
  • - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
  • - «СТАНКИН» Москва мамлекеттик технологиялык университети;
  • - Россиянын тунгуч Президенти Б.Н. Ельцин ат. Урал Федералдык университети;
  • - «Орбиталь» Технопаркы Москва ш.;
  • - И.Раззаков ат. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • - «Инфоком» МИ;
  • - «Кыргызиндустрия» ААК.

5. Форумдун катышуучулары

Форумга Кыргыз Республикасынын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн 10 жаштан 18 жашка чейинки окуучу жаштардын өкүлдөрү: мектеп окуучулары, ЖОЖдордун 1,2,3-курстарынын студенттери катышат.

Форум төмөнкүдөй жаш курактык категория боюнча өткөрүлөт: 10-13 жаш-юниор лига, 14-18 жаш – мектеп лигасы, 19-21 - студенттик лига.

6. Форумду уюштуруу жана өткөрүү

6.1. «Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар форуму жыл сайын тандоо жана жыйынтыктоочу этаптарды камтыган бөлүктөр боюнча өткөрүлөт. Форумдун тандоо этабы төмөнкүдөй турлар менен жеринде милдеттүү тартипте уюштурулат:

  • - 1-тур – бардык билим берүү уюмдарында ЖОЖдордо өткөрүлөт;
  • - 2-тур – райондук (шаардык) тур өткөрүлөт;

Мектептер менен мектептен тышкары билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн алгачкы эки турдун өткөрүү убактылары жеринде аныкталып, райондук жана шаардык билим берүү органдары аркылуу координацияланат. ЖОЖдордо сынактарды аталган окуу жайлардын ректораты жана администрациясы өткөрөт.

  • - 3-тур - областтык (ушул жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө өткөрүлөт).

Областтык координациялык билим берүү борборлору жана билим берүү органдары менен биргеликте уюштурулат.

Жыйынтыктоочу тур - эл аралык (үстүдөгү жылдын апрель айы, финалдык болуп эсептелет).

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Улуттук балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан өткөрүлөт.

Төмөнкүдөй долбоорлордун сынагы жарыяланат:

  • - изилдөөчүлүк;
  • - илимий-техникалык;
  • - ойлоп табуучулук.

Изилдөөчүлүк долбоорлор маселени теориялык жактан изилдөөнүн жыйынтыктары, бул маселени чечүүнүн жолдоруна кеңири талдоо жүргүзүү жана экономикалык жактан негиздөө менен сунушталат.

Илимий-техникалык долбоорлор актуалдуу маселени иштеп чыгууну билдирет. Колдонулган адабияттардын тизмесин, чечилиштердин патенттик изделишин, чечүүнүн жолдорунун теориялык жактан негизделишин камтууга тийиш. Сунушталуучу техникалык жаңычылдыктар макеттерде, моделдерде, алардын иш-аракетин түшүндүрүүчү экспонаттарда көрсөтүлөт.

Ойлоп табуучулук долбоорлор патенттик издөөнү, түзүлүштүн (системанын) сунушталуучу ыкмаларынын анализин, материалдын мүнөздөмөсүн жакшыртууну камтууга тийиш жана макеттер, моделдер, графикалар жана чийүү-сызуулар аркылуу түшүндүрүлөт.

Сунушталуучу долбоорлор ойду, идеяны, сүрөттөө формасына сыйдырылган образды, негиздемелерди, ойдун маңызын жана аларды практикалык жактан ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн ачып бере турган эсептөөлөр менен чийүү-сызууларды камтууга тийиш.

Бардык долбоорлор окуу жайда сынактык тандоодон өтөт. Мыкты эмгектер 2-турда  райондук жана шаардыкка катышууга сунушталат.

1-турдун жеңүүчүлөрү 2-турга өтөт; 2-турдун жеңүүчүлөрү 3-турга өтүшөт.

3-(областтык) турдун жыйынтыктары калыстар тобунун протоколу  түрүндө, ар бир жеңген иштин аннотациясы менен 8. «Сынакка катышуунун шарттары» жана 9. «Долбоорду (ишти) тариздөөгө карата талаптар» пункттарына ылайык, жыйынтыктоочу этапка сунушталат.

Жыйынтыктоочу (эл аралык) этапты өткөрүүнүн мөөнөтү сынакты өткөрүүчүлөр тарабынан жыл сайын белгиленет жана жер-жерлерге кошумча билдирилет.

6.2. Сынакты өткөрүүчүлөр жыл сайын анын каржыланышын карап бекитишет. Сынакты өткөрүүгө кете турган чыгымдар сметасы сынакты өткөрүүчүлөр менен анын өнөктөштөрүнүн үлүштүк катышуусу менен каржыланат.

6.3. Жыйынтыктоочу этаптар Бишкек шаарында жана республиканын башка шаарларында өткөрүлүшү мүмкүн. Жыйынтыктоочу этаптарды өткөрүүнүн так дареги катышууга жөнөтөлгөн чакырууда көрсөтүлөт.

6.4. Эл аралык форумда байгелүү орунду ээлеген эмгектериштер. (долбоорлор, моделдер, макеттер), баасы коюлган ведомосту менен 1 жылдык мөөнөткө «Республиканын жаштарынын илимий-техникалык идеяларынын алтын фондуна» өткөрүлүп берилет. Эмгектер (иштер) Кыргызстан жаштарынын илимий-техникалык чыгармачылыгынын колдонуудагы көргөзмөсүндө көрсөтүлүп турат. Моделди, макетти жоготкон же бузуп алган учурда уюштуруучулар баасы көрсөтүлгөн ведомостко ылайык акчалай компенсация төлөп беришет. Сынактык иштер, долбоорлор, баяндамалар ж.б., алардын негизги жыйынтыктары сынактын материалдарында, массалык маалымат каражаттарында Интернетте (авторлугу сакталып) жарыяланат.

6.5. Форумга бара жаткан жолдо жана финалдык этаптар өтүп жаткан учурда балдардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик делегациялардын жетекчилерине жүктөлөт.

7. Форумдун номинациялары

7.1. Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер

Долбоорлор сунушталып жаткан иштелменин натыйжалуулугун техника-экономикалык эсептөөлөрү, маселени чечүүнүн жолдорунун актуалдуулугу менен жаңычылдыгын негиздөө менен болууга тийиш. Конкреттүү тармактарды: өнөр жай; аймактарды; техника жана илимди өнүктүрүү боюнча коом алдында турган милдеттерди чечүүнүн оригиналдуу идеясы сунушталууга тийиш. Аталган багыт өнөр жай, агро өнөр жай комплексин, тоо кен казып алуу жана тоо кен иштетүү тармактарын, финансы жана өндүрүштү (акча, соода-сатык жана банктар), экономика менен экологиянын өз ара байланышы, космостук технологиялар, зыяны жок жана калдыксыз технологиялар, физика-химиялык технологияларга багытталган социалдык-экономикалык, техника-экономикалык, илимий-техникалык долбоорлор менен сунушталууга тийиш. Жаңы техниканы же технологияны эл чарбасына киргизүүнүн экономикалык жактан негиздемеси менен чыгармачыл иш изилдөөчүлүк долбоор, модель, макет, графика, компьотердик графика, фантастикалуу аңгеме, видеоклип, мультфильм түрүндө таризделиши мүмкүн.

7.2. Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар

Окуу жана илимий лабораторияларды, дистанциондук түрдө башкарылуучу моделдерди, өндүрүштө жана объектилердин физика- техникалык параметрлерин алуу, абанын пробасын (газ-аба аралашмасын), сууну (суюк чөйрөнү), топурак/жер жана балким, алардын курамын анализдөө; радиациялык көзөмөлдү контролдоону ишке ашырууга; аралыкка алынган маалыматты өткөрүп берүүгө илимий издеп табууларды башкаруу учун техникалык жана экологиялык өлчөөлөрдү жана маалыматтарды өткөрүп берүүгө жол берүүчү микроаппараттарды чагылдыруу үчүн долбоорлор, приборлордун, датчиктердин, радиоэлектрондук түзүлүштөр жана моделдер сунушталат. Медицинада жана тиричиликте пайдалануу үчүн биотехникалык приборлор жана жабдуулар. Ыкчам байланыш каражаттары, тоо шарттарына байланыштуу байланыш сапатын жакшыртуу.

Радиоэлектрондук аппаратураны оңдоо, тейлөө маселелери, өндүрүштүк электрониканын элементтерин өздөштүрүү жана сыноодон өткөрүү үчүн дубал гезиттери, электрондук техникада пайдалануу үчүн жаңы материалдар жана алардын касиетгери. Бардык сунушталган эмгектер рационализатордук жактан өркүндөтүлүп, патенттик обзор берилүүгө тийиш.

7.3. Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар

Аталган бөлүмдө энергиянын альтернативалуу булактарын өздөштүрүү жана түзүү боюнча эмгектер сунушталат (жылуулук, электрдик, механикалык, күн нурунун ж.б.); аны учурда дагы пайдалануу, келечекте аны колдонуунун перспективалары жана өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары. Энергия булактарынын (шуулдак, электромагниттик жана радиациялык нурлануу ж.б.) курчап турган чөйрөгө жана адамга физикалык таасирлерин өздөштүрүү, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жана техночөйрөнүн өзгөрүүсүнүн физикалык таасирлеринен коргоо. Энергиянын бир түрүнүн башкасына кайра өзгөртүлүп түзүлүшү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрлөрүн өндүрүүдө энергия сарамжалдоочу технологиялар ж.б..

7.4. Маалыматтык технологиялар жана программалоо

Аталган номинацияда Форум эки бөлүмчө боюнча өткөрүлөт:

  • - Алгоритмдештирүү жана программалоо

Бул багытта төмөнкү же жогорку деңгээлде программалоо тилдеринде жазылган алгоритмдер жана компьютердик программалар каралат. Бул кайсы болбосун операциялык системанын алдында аткарылуучу файл болушу мүмкүн, ал сервер жакта аткарылган скрипт сыяктуу эле, ушул сыяктуу скрипттерди комбинациялоо же кардар тарапта аткарылган болушу мүмкүн.

  • - Компьютердик графика

Азыркы компьютердик технологиялар: видеороликтер, фильмдер жана анимациялардын жардамы менен аткарылган иштер.

Бул бөлүмчө боюнча катышуучулар калыстар тобуна алгоритмдердин, программалардын, сайттардын модулдарынын чыгыш кодун беришет, алардын авторлугу эксперттер тарабынан текшерилип, аны коргоого уруксат берүү чечими чыгарылат.

7.5. Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар

Аталган номинацияда жумушчу операцияларды, иш-аракеттерди, анын ичинде адамга оордук келтирүүчү, чарчатуучу жана кооптуу участоктордо, медицинада жана айыл чарбасында адамды алмаштыра турган роботтордун же робототехникалык системалардын долбоорлору, моделдери сунушталат. Түзүлүшү, иштөөсү, конструкциясы, роботтордун алгоритми жана программалык камсыздалышы боюнча мүмкүн болуучу принципиалдуу чечилиштердин варианттары иштелип чыгат.

Робототехника - так механиканын туйундерун, тышкы чейренун жана объекттин езунун датчиктеринин абалдарын, энергия булактарын, аткаруучу механизмдердин, күчөткүчтөрдүн, эсептөө түзүлүштөрүн (ЭЭМ жана микропроцессорлорду) тутумдуу бириктирүүгө негизделген илим жана техниканын областы. Робототехникалык система - электромеханикалык, электрогидравликалык, электрондук элементтердин жана эсептөө техникалык каражаттарынын бирдиктүү комплекси. Саналгандардын ортосунда энергия, маалымат туруктуу негизде кыймылдуу турдө алмашуу жүргүзүлүп турат. Алар жасалма интеллекттин элементтерине ээ болуп, автоматтык башкаруунун жалпы тутумуна бириккен.

7.6. Дубал моделдери боюнча сынак

Сынак өсүп келе жаткан муунду өз элинин маданий баалуулуктарына, базалык улуттук, баалуулуктарга жана коомдун жалпы адамзаттык баалуулуктарына тартуу максатында өткөрүлөт.

Сынактын милдеттери:

  • - илим, техникалык чыгармачылык, ойлоп табуучулук жана рационализатордук жаатта дубал моделисттеринин жетишкендиктерин үгүттөө, дубалга модель түзүүнү жайылтуу;
  • - таланттуу жаштарды таап чыгуу жана колдоо, аны чыгармачыл ишмердүүлүккө тартуу;
  • - моделдерди даярдоонун технологиясы жана техникасын терең өздөштүрүүгө болгон балдардын жана өспүрүмдөрдүн кызыгуусун, шыктануусун өнүктүрүү жана түрткү берүү.

Сынак техниканын масштабдуу дубал моделдери боюнча жүргүзүлөт: авиациянын дөңгөлөктүү жана каз таман унаалар, сууда жүрүүчү техникалар, космостук кемелер, үйлөр, коомдук имараттар ж.б.. Моделисттердин ар кандай материалдардан: кагаз, жыгач, пластик ж.б. жасалган бардык оригиналдуу эмгектери кабыл алынат.

Ар бир чыгармачыл иш атайы бирка менен берилген чыгармачыл иштин экинчи тарабында жайгашкан маалыматтар менен коштолот:

  • - автордун фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен);
  • - ББМ аталышы;
  • - иштин аталышы, жасалган жылы;
  • - колдонулган материалы.

8. Форумга катышуунун шарттары

Форумдун финалына катышуу үчүн өтүнмөлөр 3-областтык турдун жыйынтыгы боюнча үстүдөгү жылдын 15-мартынан 25-мартына чейин онлайн режиминде катталат. Каттоонун башталгандыгы жөнүндө маалымат жана өтүнмө  толтуруунун нускамасы http://www.rdita.kg/ сайтына жайгаштырылат.

Өтүнмөлөрдү берүү укугу областтык билим берүү органдарына, Бишкек жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарына, ЖОЖдорго, кесиптик техникалык билим берүү агенттигине берилет.

Эмгектер биринчи жолу сунушталган болуу керек, буга чейин өткөн конкурстарга катышкан долбоорлор, моделдер, макеттер калыстар тобунун кароосунан алынып салынат.

Форумдун катышуучусу бир номинацияда бир долбоор менен катышууга укуктуу.

Жамааттык чыгармачыл ишти аткарууда, бул «бир долбоор - бир өкүл» принцибинен улам Форумда долбоорду коргоого катышуучулардан бир өкүлгө уруксат берилет.

Интернеттен көчүрүп алынган долбоорлор конкурска катышууга жол берилбейт. Сунушталган материалдар антиплагиатка салынып текшерүүдөн өткөрүлөт. Иштин түп нуска болуусуна коюлган талаптар сакталбаган учурда долбоорлор конкурска катышуудан четтетилет.

Финалга катышууга чакыруу сунушталган иштердин жана материалдарды республикалык эксперттик комиссия тарабынан бааланат жана тандап алуудан кийин гана жөнөтүлөт. Форумдун уюштуруучулары жыл сайын катталган өтүнмөлөрдү тандап алуунун жыйынтыгы боюнча Форумга катышуу үчүн квотаны белгилешет. Өтүнмөлөргө коюлган талаптарга ылайык таризделбеген эмгектер Форумга катышууга жол берилбейт.

9. Долбоорду (ишти) тариздөөгө карата талаптар

9.1. Эмгектер форумга карата басмадан чыккан түрдө, папкада же мукабаланган түрдө (А4 барагынын форматында), жана презентация түрүндө электрондук вариантта сунушталууга тийиш.

9.2. Иштин титулдук барагы кийинки маалыматтарды камтууга тийиш: иштин аталышын, автордун (-лордун) фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, долбоор (эмгек) аткарылган жыл, почта индекси, толук почта дареги, телефондор (шаардын коду менен), электрондук почта дареги, факсы, уюмдун аталышы, долбоордун аткаруучусу окуган мекеме, чыгармачыл жамааттын аталышы (жамааттык эмгектер үчүн), жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы.

9.3. Эмгектин, долбоордун, макеттин, түзүлүштүн толук аннотациясы

эмгектин маңызынын тезистик баяндалышын машинканын 1 бетте камтууга тийиш. Анда иштин көлөмү, таблицалардын, сүрөттөрдүн, иллюстрациялардын, пайдаланылган адабий булактардын жана тиркемелердин саны көрсөтүлүшү керек.

9.4. Экспонаттардын габариттери 100х200 см, салмагы 50 кг ашпоого тийиш. Графикалык иштер (кандай болбосун аткарылган техникада) 40х60 см ден ашпаган өлчөмдө берилет. Видеороликтердин жана мультфильмдердин узактыгы 5 мүнөттөн ашпоого тийиш.

9.5. Колдонуудагы моделдердин, макеттердин, түзүлүштөрдүн электр энергиясы менен азыктандыруу чыңалуусу, 42 Вольт (өнөр жай азыктандыруунун стандарттык мааниси) ашпоого тийиш.

9.6. Долбоорлордун мазмуну 50 машинкада жазуу бетинен ашпоого тийиш, анын ичине сүрөттөрдү, схемаларды, таблицаларды, графикаларды жана фотографияларды кошо алганда (иллюстративдик материал А4 же А3 барактарында берилет). Текст киийинки  бөлүмдөрдү камтууга тийиш: киришүү (мазмунду, долбоордун актуалдуулугун негиздемесин жана анын маанисин, проблеманын коюлушун, изилдөөнүн максаты жана милдетин камтыйт), негизги мазмуну, натыйжалар жана практикалык сунуштар, корутундулар, адабияттардын тизмеси, тиркемелер.

10. Ишти баалоо критерийлери

Эмгекти баалоонун жүрүшүндө электрондук, компьютердик, маалыматтык технологиялардын элементтери колдонулган, иштин актуалдуулугу жана жаңылчылдыгы, долбоорду (эмгекти) иштеп чыгуудагы чыгармачылык мамиле, проблеманы тереңден иштеп чыгуу, окуучулардын ишти аткарууга катышуусунун дедгээли, натыйжалардын илимий жана практикалык мааниси, ишти тариздөөнүн сапаты жана дизайны, иллюстративдик материалдын болушу жана сапаты, аткаруунун оригиналдуулугу, аткаруу техникасынын дедгээли, экспонаттарды даярдоодо заманбап технологиялардын элементтердин колдонулган экспонаттар жана долбоорлорго артыкчылык берилет. Форумдун  финалында долбоорду коргоп берүүдө материалды берүүнүн тактыгы, тыянактардын аргументтелиши, суроолорго жооптордун берилиши, коргоодо коюлган 10-15 мүнөттүк регламентти сактоосу эске алынат.

11. Жыйынтык чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо

11.1. Алдын-ала өткөрүлгөн этаптардагы иштерди баалоо эксперттик комиссиялардын мүчөлөрү же жеринде түзүлгөн калыстар тарабынан жүргүзүлөт.

11.2. Финалга жол берилген эмгектерди баалоо Форумдун уюштуруу комитети тарабынан түзүлгөн компетенттүү калыстар тарабынан жүргүзүлөт. «Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумунун калыстар тобунун курамына окумуштуулар, адистер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, форумга жиберилген эмгектердин спецификасына жараша окуучулардын техникалык чыгармачылыктарынын борборлорунун, уюмдардын, өнөр жай ишканаларынын жана башкалардын адистери тартылат.

11.3. Форумдун жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарында жарыяланат, ошондой эле «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын мезгилдүү басылмаларында жайгаштырылат.

11.4. Форумдун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тийиштүү диплом жана медалдар менен ар бири курактык категорияга жараша (юниор, мектеп жана студенттик лига) жана Форумдун жарыяланган номинациясы боюнча сыйланат. Эл аралык форумдун бардык катышуучуларына сертификаттар тапшырылат.

ЭCKEPTYY

Форумдун уюштуруучулары анын багыттары боюнча жөнөтүлгөн эмгектердин санына жана спецификасына жараша бириктирүү жана кошумча секцияларды түзүү укугун өздөрүнө калтырат.

Калыстар тобу ишти (долбоорду) башка номинацияда же калыстар тобунун бир канча номинациялардагы биргеликте өткөргөн отурумунда сунуштоого укугу бар.

Байланышуу жолдору:

«Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы

т.: (0312) 31-58-47; (0312) 31-58-18, ф.: (0312) 31-58-47. http://www.rdita.kg/